Турсуналы уулу Курманбек
1926
Талас району Кара-Ой айылы
Берлин
1926- жылы Талас районунун Кара-Ой айылында туулган. 1943-жылы согушка кетип 1949-жылы келген. Согушта Москва,Варшава,Киев,Прага шаарларында болгон."Кызыл Жылдыз","Каармандыгы үчүн", "Берлинде алгандыгы үчүн" орден, медалдарынын ээси. Согуштан кийинки жылдары чарбада эмгектенген. Он баланы тарбиялап өстүргөн.
Кыдыралы уулу Турдубек
1922
Старшина
Талас району Бала-Чычкан айылы
Берлин
1922-жылы Талас районунун Бала-Чычкан айылында туулган.1941-1946- жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согушта Варшава, Прага,Будапешт,Дрезден,Бернау,Берлин шаарларында болгон. Ротанын старшинасы. 1946- жылдан баштап чарбада бригадир, заправщик болуп эмгектенип, 1982- жылы ардактуу эс алууга чыккан. 3 уул ,5 кыздын атасы
Барчык уулу Жылтыр
1922
Талас району Талды-Булак айылы
Берлин
1922- жылы Талас районунун Талды-Булак айылында туулган.1941-1946-жылдары согушка катышкан.239- танкалык бригадада аткыч, пулеметчик болгон. Согуш учурунда "Кызыл Жылдыз","3-даражадагы Даңк", "Каарманды үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" медаль, ордендери менен сыйланган. Гвардияныны сержанты. Бөлүктүн командири. 1972- жылы ардактуу эс алууга чыккан.Чарба...
Сулайман уулу Жаныбек
1919
Талас району Талды-Булак айылы
Кавказ
1919- жылы Талас районунун Талды-Булак айылында туулган. 1939-1946-жылдары согуш майданында болгон."Кавказды коргогону үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" медалдарынын ээси. Согуштан кийин жылкычы болуп эмгектенген. Бир уулду тарбиялап, 1995- жылы дүйнөдөн кайткан.
Киргабак уулу Сейдакмат
1926
Талас району Кара-Ой айылы
Берлин
1926- жылы Талас районунун Кара-Ой айылында туулган. 1943- жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1950- жылы кайтып келген Сталинград, Москва, Харьков, Смоленск, Киев, Варшава, Прага, Бранденбург, Берлин шаарларында согушка катышкан. Согуштан кийин конезавод чарбасында учетчик, сурап болуп эмгектенген. 3 уул, 3 кызды тарбиялаган.
Акмат уулу Бийгазы
1907
Талас району Талды-Булак айылы
Пенза
1907- жылы Талас районунун Талды-Булак айылында туулган. 1942-1943- жылы согушка катышкан. Согушта Харьков, Пенза областтарында болгон. 3- топтогу инвалид. 2 медалдын ээси. 1943- жылдан баштап чарбада бригадир, башкаруучу болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан. 3 бала 2 кызды тарбиялап өстүргөн. 1997- жылы дүйнөдөн кайткан.
Жунушалы уулу Сопубек
1924
Талас району Каракол айылы
Венгрия
1924- жылы Талас районунун Каракол айылында туулган. 1942- жылы согушка чакырылып, 2945- жылы апрель айында кайтып келген.2- топтогу майып.Согушта "Каармандыгы үчүн" медалы менен. 2 жолу сыйланган. Украина фронтунда,Сумск, Киев,Кишинев,Бухарест шаарында салгылашкан. Венгрияда жарадар болуп 140 күн госпиталда жаткан.1980- жылы ардактуу эс алууга чейин бир т...