ЖОЛДОШОВ Ысак
1 Январь 1926
Өзгөн району Бостон айылы
Сталинград
Советтик Армияда кызмат кылган (1941-47). Сталинград фронтунда душманга каршы күрөшкөн. Кызыл жылдыз (1944), II даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери (1945), Г.Жуков медалы менен сыйланган.
КЕРКИЕВ Мурзаибраим
1904
Өзгөн району Ничке-Сай кыштагында
Кызыл Армиянын катарында санчастта
1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, санчастта кызмат кылган. Салгылашууда ок тийип, оор жарадар болуп, II топто майып болгон. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эрдиги үчүн 2 жолу Кызыл Жылдыз ордени, Ата Мекендик согуштун I, II, III даражадагы ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Жороев Балтабай
24 Сентябрь 1906
ВВС СССР, Рядовой
Совхоз Джал, с.Баглан
Сталинград
КОШУЕВ Токтосун
13 Сентябрь 1925
Өзгөн району Жээренчи а
Ростов шаары
Улуу Ата Мекендик согушка (1943-1945), катышып, андан кийин япондук самурайлар менен болгон согушта чалгындоо башкармалыгындагы зор кызматы үчүн Кызыл Жылдыз орденине татыктуу болгон. Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени жана В.И. Лениндин 100 жылдыгына байланыштуу юбилейлик медаль менен сыйланган
Абдраев Илияс
1923
Ефрейтор
Кыргыз ССРи, Нарын облусу, Ат-Башы району, Пограничник колхозу, Кара-Коюн айылы
374сп 128 сд
Дайынсыз жоголгон. Кайсыл жерде кызмат ɵтөгɵнү тууралуу маалыматтар 2019-2020 жылдары гана "память народа" интернет потралы аркылуу гана маалым болду.
НАБИЕВ Мухаммед Давлиевич
1919
Өзгөн району
Берлин
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, согушта көрсөткөн кызматы үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган, бир канча медалдардын ээси.
Калмурзаев Султанбек
9 Май 1920
Красноармеец, рядовой
Село Озгур кара суйского района Ошск обл.
8я Гвардейская стрелковая дивизия им. Панфилова
Призван в ряды СА в октябре 1940г, ушел на фронт в сентябре 1941 года в составе 316ой стрелковой дивизии дошёл до Берлина, вернулся домой в декабре 1945г награждён орденами и медалями Советского Союза, Ветеран труда воспитал семерых детей ушёл из жизни 09.05.1988г.