РЫСБАЕВ Касымалы
1 Июль 1917
Өзгөн району
Советтик Армияда
Советтик Армияда кызмат кылган (1938-1946). Улуу Ата Мекендик согушта катардагы жоокерден аскердик бөлүмдүн командири, взводдун командири, ротанын старшинасы даражаларына чейин көтөрүлүп, Ата Мекендик согуштун II, III даражадагы (1945, 1985) ордени, III даражадагы Даңк ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана бир канча медалдарга татыктуу болгон. 1945-жылы СССР мене...
САИДОВ Мухтор
1924
Өзгөн шаары
Украина
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Согуштагы эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз ордени жана бир топ медалдар менен сыйланган.
Саяков Пирмамат
5 Апрель 1915
Киргизский ССР,Ошская обл.,Узгенский р-н.,с. Ильичевка
Смоленск
Орден Отечественной войны 2 степени (21.02.1987). В 1943 г дедушка был тяжело ранен в правую руку и вернулся на родину. Мы гордимся тобой, дедушка!
ТАИРОВ Калдыбай
1909
Өзгөн району Кароол кыштагы
Берлин
Советтик Армияга чакырылып, 1941-1944-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышып, согуштагы эрдиктери үчүн Кызыл Жылдыз ордени (15.01.1968) жана 9 медаль менен сыйланган.
ТАШИЕВ Кулназар
24 Апрель 1919
Өзгөн району
Украина
Улуу Ата Мекендик согушта Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, майордук аскер наамына жеткен (1939-46). Согуштагы каармандыктары үчүн Кызыл Жылдыз, Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордендери, 13 медаль жана Ардак грамоталар менен сыйланган.
Матраимов Исраил
1925
Красноармеец, рядовой
Ош облусунун Чоң-Алай району, Кызыл-Эшме айылы
Беларусь фронту
1941-жылы согушка аттанып, согуш бүткөндө өз өлкөсүнө келген.
ТАШМАТОВ Календер
10 Январь 1923
Өзгөн району
Сталинград
Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945) жана СССР менен Япон согушуна катышкан (1945). Андан кийин да 1948-жылга чейин калыбына келтирүүгө Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн II даражадагы Даңк ордени, Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени, Жуков медалы, ж.б. бир канча медалдар менен сыйланган.