Кулубай уулу Токтогул
1911
Талас району Кара-Ой айылы
Курск
Талас районунун Кара-Ой айылында туулган.1941-1946-жылдары Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан. Согушта Москва, Орел, Донецк,Курск,Киев,Харьков,Бухарест,Вена шаарларында болгон.Бир нече медалдар менен сыйланган.Курск шаарында , көкүрөгүнөн жана бутунан оор жаракат алган. Согуштан кайткандан кийин 113- жылкы заводунда үзүрлүү эмгектенген. 2 уул , төрт кыз...
Рыскул уулу Төрөбек
1919
Талас району Талды-Булак айылы
Санок
1919-жылы Талас районунун Талды-Булак айылында туулган.1939-1945- жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согушта Бессарабия, Одесса,Севастополь,Красноярск,Карпат, Санок шаарларында болгон. Жеңиш күнү госпиталда тоскон. Беш жолу жарадар болгон.Согушта "Каармандыгы үчүн" жана башка бир топ медалдар менен сыйланган. 5кыз 4 уулду тарбиялаган
Турсуналы уулу Курманбек
1926
Талас району Кара-Ой айылы
Берлин
1926- жылы Талас районунун Кара-Ой айылында туулган. 1943-жылы согушка кетип 1949-жылы келген. Согушта Москва,Варшава,Киев,Прага шаарларында болгон."Кызыл Жылдыз","Каармандыгы үчүн", "Берлинде алгандыгы үчүн" орден, медалдарынын ээси. Согуштан кийинки жылдары чарбада эмгектенген. Он баланы тарбиялап өстүргөн.
Кыдыралы уулу Турдубек
1922
Старшина
Талас району Бала-Чычкан айылы
Берлин
1922-жылы Талас районунун Бала-Чычкан айылында туулган.1941-1946- жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согушта Варшава, Прага,Будапешт,Дрезден,Бернау,Берлин шаарларында болгон. Ротанын старшинасы. 1946- жылдан баштап чарбада бригадир, заправщик болуп эмгектенип, 1982- жылы ардактуу эс алууга чыккан. 3 уул ,5 кыздын атасы
Барчык уулу Жылтыр
1922
Талас району Талды-Булак айылы
Берлин
1922- жылы Талас районунун Талды-Булак айылында туулган.1941-1946-жылдары согушка катышкан.239- танкалык бригадада аткыч, пулеметчик болгон. Согуш учурунда "Кызыл Жылдыз","3-даражадагы Даңк", "Каарманды үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" медаль, ордендери менен сыйланган. Гвардияныны сержанты. Бөлүктүн командири. 1972- жылы ардактуу эс алууга чыккан.Чарба...
Сулайман уулу Жаныбек
1919
Талас району Талды-Булак айылы
Кавказ
1919- жылы Талас районунун Талды-Булак айылында туулган. 1939-1946-жылдары согуш майданында болгон."Кавказды коргогону үчүн", "Германияны жеңгендиги үчүн" медалдарынын ээси. Согуштан кийин жылкычы болуп эмгектенген. Бир уулду тарбиялап, 1995- жылы дүйнөдөн кайткан.
Киргабак уулу Сейдакмат
1926
Талас району Кара-Ой айылы
Берлин
1926- жылы Талас районунун Кара-Ой айылында туулган. 1943- жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1950- жылы кайтып келген Сталинград, Москва, Харьков, Смоленск, Киев, Варшава, Прага, Бранденбург, Берлин шаарларында согушка катышкан. Согуштан кийин конезавод чарбасында учетчик, сурап болуп эмгектенген. 3 уул, 3 кызды тарбиялаган.